Юридикалык башкармалыктын укуктук коштоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Башкы кеңсе Бишкек ш. 23/09/2024

Милдеттери

Банктын жана анын обочолонгон бөлүмдөрүнүн ишин укуктук жактан коштоону камсыз кылуу;

Келишимдерди даярдоо, макулдашуу;

Укуктук маселелер боюнча корутундуларды даярдоо;

Ички ченемдик документтер менен иштөө;

Ишеним каттарды берүү, эсепке алуу жана сактоо;

Банк Башкармасынын мүчөлөрүнө жана банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине банк ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоо.

Талаптар

Юридикалык жогорку билим;

Маалыматтык укуктук базалар менен иштөө көндүмдөрү.

Адистиги боюнча 2 (эки) жылдан кем эмес, анын ичинде финансы-кредиттик мекемелерде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы;

Сотто өкүлчүлүк кылуу тажрыйбасы;

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу