Кыргызча
Жабык акционердик коом «КСБ Коммерциялык Банкы» 2013-жылы өзүнүн тарыхын швейцариялык инвестор-«Петрам Финанс» компаниясынын 2014-жылдын 23-январында кайра ЖАК «Кыргыз-Швейцария банкы» болуп катталган, банкротко учураган ААК «Кыргыздыйканбанкты» калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасына келиши менен башталган.
«Швейцария – банк системасы көп кылымдык салттарга жана элдин ишенимине негизделген тарыхка ээ өлкө. Биз бул банк ишинин принциптерин Кыргызстанга алып келип жатабыз. Мен бардык банктар бирдей кызматтарды көрсөтөт дегенге кошулам, андыктан сапат жана тейлөө боюнча гана атаандашууга болот. Биздин иш стилибиз кардарга кам көрүү, анын аманаттарынын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү, ошондой эле инновациялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасындагы бизге ишенимдин пайда болушу».
ЖАК «КСБ Коммерциялык Банкынын» Директорлор кеңешинин экс-төрагасы
Клод Ле Бер
Кыргызстандын рыногунда он жылдык ийгиликтүү ишмердигинен кийин, 30-жылдын 2023-октябрында банктын акционерлери тарабынан банкты «КСБ Коммерциялык банкы» Жабык акционердик коому деп атоо менен өнүгүүнүн кезектеги айлампасын баштоо стратегиялык чечими кабыл алынган.
«Кыргызстан-бул Борбордук Азия рыногунда ишти баштоого жана ишке киргизүү үчүн эң жакшы орун. Өлкөнүн келечеги чоң экендигине ишенем. Ошондуктан, биз Кыргызстанга өз инвестициябызды салдык...»
АК «Петрам Финанстын» директору
Юрг Стаубли
«КСБ Коммерциялык банкы» Жабык акционердик коомунун иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук жана чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна №020 лицензиясы менен жөнгө салынат. Банк Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте жана өлчөмдөрдө кардарлардын аманаттарын коргоого кепилдик берет.
Кыргызстандын банк рыногунда 12 жылдан бери мыкты иш алып баруу
Швейцариялык банктык иштөө салттарында кармануу
Интернет-банкинг аркылуу аралыктан тейлөө
Жеке тейлөөнүн өзгөчө артыкчылыктары
Кардарлар өмүр бою кол үзбөгөн банк.
Кардардын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын көз ирмемдик пайдадан жогору коёбуз.
Кардарлар финансылык милдеттерин тез, жакшы, оңой чечиши үчүн колдон келгендин бардыгын жасайбыз.
Муктаждык жаралганга чейин эле мүмкүн болуучу чечимдерди ойлонобуз.
Кардарларга бүгүнкү күндөн эртеңкини артык кылуу үчүн өнүгөбүз.
Директорлор кеңешин эл аралык компанияларда чоң тажрыйбасы бар адистер көрсөтүшөт.
Сабаттуу лидерлердин аркасында банк дайыма өнүгүп, бирдиктүү механизм катары иш алып баруу менен жалпы максаттарга жетүүдө.
Банкыбыздын кассалык кызмат көрсөтүүлөрү юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн толук спектрдеги кызматтарды камтыйт.