Купуялуулук жөнүндө макулдашуу

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫН КУПУЯЛУУЛУГУ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ

Ушул Жеке маалыматтардын купуялуулугу жөнүндө келишим (мындан ары – Келишим) «КСБ Коммерциялык Банкы» Жабык акционердик коомунда (мындан ары – Банк) кардарлардын жеке маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо, берүү жана коргоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
 

1.    Терминдердин аныктамасы

1.1.    Ушул Келишимде колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
    жеке маалыматтардын массивинин ээси — бул жеке маалыматтардын максаттарын, категорияларын аныктоо жана аларды чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укуктар жүктөлгөн мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же юридикалык жак;
•    кардар — Банкта тейлөөгө алынган же тейлөөдө турган, же болбосо Банк аны менен ишкердик мамилелерди орнотуп жаткан же орноткон жеке ишкер, жеке же юридикалык жак;
    жеке маалыматтарды иштеп чыгуу — жеке маалыматтардын субъекти тарабынан же анын тапшырмасы боюнча, автоматташтырылган каражаттар менен же аларсыз, жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоо, блоктоо, өчүрүү жана жок кылуу максатында ыкмаларына карабастан аткарылуучу ар кандай операция же операциялардын жыйындысы;
    жеке маалыматтардын тизмеги — жеке маалыматтардын бир субъекти жөнүндөгү маалыматтардын категорияларынын тизмеси;
    жеке маалыматтар — түздөн-туз же кыйыр түрдө аныкталган же аныкталуучу маалыматтардын субъектине тиешелүү болгон ар кандай маалыматтар, анын ичинде санариптик/материалдык алып жүрүүчүлөрдөгү маалыматтар;
•    жеке маалыматтардын субъектинин макулдугу — жеке маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада билдирилген, жеке маалыматтардын субъектинин өзүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууга байланышкан процедураларды жүзөгө ашырууга эркин, конкреттүү, эч кандай шартсыз жана аң-сезимдүү түрдө билдирген эрки;
•    жеке маалыматтардын субъекти — жеке маалыматтары түздөн-туз же кыйыр түрдө тиешелүү болгон, аныкталган же аныкталуучу жеке жак. Кардардын өзү (эгерде ал жеке жак болсо), же болбосо Кардардын өкүлү, жетекчиси же кызматкери (эгерде Кардар – юридикалык жак болсо) жеке маалыматтардын субъекти боло алат;
•    жеке маалыматтарды чек ара аралык берүү — жеке маалыматтарды чет мамлекеттердин юрисдикциясында турган жеке маалыматтардын массивдеринин ээлерине берүү.
•    үчүнчү жактар — Банк кызматкерлери болуп саналбаган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар, аларга келишимдин негизинде жеке маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн, анын ичинде Банктын веб-сайтынын, интернет-банкингинин, мобилдик тиркемесинин жана башка санариптик кызматтарынын ишине тартылган технологиялык өнөктөштөр, процессинг борборлору жана IT кызматтарын көрсөтүүчүлөр.
•    жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке маалыматтарды иштетүүнүн шайкештигин камсыз кылуу, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, жеке маалыматтар массивдеринин ээлерин каттоо, жеке маалыматтар массивдеринин ээлеринин Реестрин жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
• банктын санариптик сервистери — бул кардарларга каржыларын башкарууга, которууларды жүргүзүүгө, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү төлөөгө жана банктык продукттарды онлайн режимде, банк бөлүмдөрүнө барбастан ачууга мүмкүнчүлүк берген аралыктан кызмат көрсөтүү куралдары.
•  Cookie-файлдар (Cookies) — сайтка кирүүдө жана интернет-банкингди, мобилдик тиркемени жана Банктын башка санариптик сервистерин колдонууда колдонуучунун түзмөгүндө автоматтык түрдө сакталуучу чакан тексттик файлдар.


 
2.    Жалпы жоболор
 
2.2.    Ушул Келишимдин колдонулушу банктык кызматтарды көрсөтүүнүн жана/же Кардарлар менен ишкердик мамилелерди орнотуунун алкагында жеке маалыматтарды алуунун жана иштеп чыгуунун бардык ыкмаларына жайылат, ага Банктын бөлүмдөрүнө кайрылуулар, байланыш борборуна чалуулар, сурамжылоолорго жана анкета толтурууга катышуу, каалаган байланыш каналдары аркылуу билдирмелерди же кайрылууларды берүү, ошондой эле интернет-банкингди, мобилдик тиркемени, www.ksbc.kg сайтын жана Банктын башка санариптик сервистерин колдонуу кирет.
2.3.    Ушул Келишимдин колдонулушу ошондой эле Банктын кардары болгон юридикалык жактын атынан иш жүргүзгөн жеке жактардын, анын ичинде аткаруучу органдардын мүчөлөрүнүн, жетекчилердин, өкүлдөрдүн, кызматкерлердин, ошондой эле Кардардын бенефициардык менчик ээлеринин жеке маалыматтарына да жайылат.
2.4.    Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан жана жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилейт.
2.5.    Банк, жеке маалыматтардын массивинин ээси катары, аларды иштеп чыгуунун максаттарын жана ыкмаларын аныктайт, аларды коргоо боюнча чараларды көрөт жана жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
2.6.    Кардар тарабынан Банктын продукттарын, кызматтарын жана санариптик сервистерин колдонуу, ошондой эле Банк менен ишкердик мамилелерди орнотуу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ушул Келишимдин шарттарына толук жана шартсыз макулдукту билдирет.


 
3.    Жеке маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун максаттары

3.1.    Банк жеке маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырат:
•    Кардарга каржылык жана банктык кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде, бирок муну менен чектелбестен, банк эсебин ачуу жана тейлөө, акча которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүү, кассалык тейлөө, аманаттарды тартуу, кардарга же кардар кепил болуп чыккан жакка ар кандай кредиттик продукттарды берүү, ошондой эле кардар тарабынан банкка мүлктү же мүлктүк укуктарды күрөөгө берүү.
• Кардар менен кандай гана болбосун келишимдерди же макулдашууларды түзүү жана аларды андан ары аткаруу;
• банктык ишти жүзөгө ашырууда Кардарды жана пайда алуучуларды идентификациялоо, верификациялоо, банктык кызматтарды жана/же Банктын санариптик сервистерин алуу үчүн Кардарды авторизациялоо, аутентификациялоо;
• Банктын кызматтарын, продукттарын, санариптик сервистерин колдонууга байланышкан алдамчылык аракеттердин алдын алуу;
•  Кардар тарабынан үчүнчү жактардын товарлары, жумуштары жана кызматтары үчүн банк бөлүмдөрү аркылуу, интернет-банкингди, мобилдик тиркемени, перифериялык түзмөктөрдү жана аралыктан/дистанттык тейлөө тутумдарынын башка каражаттарын колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү;
•    Контрагенттер менен ишкердик мамилелерди түзүү жана андан ары жүргүзүү, анын ичинде контрагентти жана ага байланыштуу жактарды (өкүлдөрдү, кызматкерлерди, бенефициардык менчик ээлерин ж.б.) идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтарды чогултуу, талдоо жана текшерүү, алардын укук жөндөмдүүлүгүн, ишкердик аброюн жана тобокелдик деңгээлин баалоо, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо.
•    Маркетингдик жана жарнамалык кампанияларды/акцияларды өткөрүү;
•    Банктын санариптик сервистерин пайдалануунун жана тейлөөнүн сапатын талдоо жана жакшыртуу, жаңы продукттарды сунуштоо жана кызматтарды кеңейтүү;
•    Кредиттик келишимди (кредиттик продуктту) жана/же кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуучу келишимди түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кредиттик жөндөмдүүлүктү текшерүү жана баалоо, ошондой эле келишимдердин андан аркы аткарылышы жана мындай баалоонун жыйынтыктарын алуу;
•    Банк алдындагы ар кандай келишим же макулдашуу боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызды өндүрүү;
•    Кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматты төлөм тутумдарына, корреспондент-банктарга, ошондой эле операцияны жүргүзүүгө, иштетүүгө, аяктоого жана коштоп жүргүзүүгө түз же кыйыр түрдө катышкан башка банктарга, финансылык уюмдарга, төлөм инфраструктурасынын операторлоруна, процессинг борборлоруна жана башка жактарга жеткирүү;
•    Талаштуу операцияларды иликтөө;
•    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, келишимдерди, Банктын ички документтеринин жоболорун аткаруу жана кардарды тиешелүү текшерүүдөн өткөрүү менен байланышкан Банктын ар кандай укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу;
•    Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган жана Банктын ишин жүзөгө ашырууга, Банктын кызыкчылыктарын коргоого, келишимдик милдеттенмелерди аткарууга жана колдонулуучу мыйзамдардын талаптарын сактоого зарыл болгон башка максаттар.


4.    Иштелип чыгылуучу жеке маалыматтардын категориялары жана тизмеги

4.1.    Банк жеке маалыматтардын төмөнкүдөй категорияларын иштетет:
4.1.1.    Жеке маалыматтар субъектиси тарабынан берилген маалыматтар:
•    ФАА (фамилиясы, аты, атасынын аты), жынысы, туулган жылы, айы, күнү жана жери, жарандыгы, улуту;
•    инсандыгын ырастаган документтин маалыматтары;
•    Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жаранга болууга/жашоого укук берген документтин маалыматтары;
•    жашаган жери, катталган жери, убактылуу жашаган жери, иштеген жери;
•    байланыш маалыматтары;
•    жеке номер, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктык сырды түзгөн башка маалыматтар;
•    пенсиялык күбөлүктүн, нике күбөлүгүнүн, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн маалыматтары.
•    иш менен камсыз болушу, эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар (анын ичинде эмгек стажы, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө маалыматтар), үй-бүлөлүк абалы, мүлктүк абалы (анын ичинде кыймылдуу/кыймылсыз мүлкүнүн бар экендиги
 
жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар), билими, кесиби, үй-бүлө курамы;
•    Кардардын банктык эсептери жана карталары, алар боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар;
•    Кардардын өкүлдөрү жана бенефициарлары жөнүндө маалыматтар;
•    Кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана кредиттик жөндөмдүүлүгүн баалоо, ошондой эле Банктын тобокелдиктерин башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер болгон учурда, Кардардын Банк алдындагы, ошондой эле башка кредиторлордун, салык органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы карыздарынын бар экендиги жана өлчөмү жөнүндө маалыматтар;
•    жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар (катталган күнү, мамлекеттик каттоо номери, каттоочу органдын аталышы, катталган жери) жана жеке ишкер катары ишкердик ишмердүүлүктү жүзөгө ашыргандыгы жөнүндө жана/же юридикалык жактардын башкаруу органдарына мүчөлүгү жөнүндө маалыматтар;
•    патент же лицензия жөнүндө маалыматтар (патенттин же лицензиянын түрү, номери, берилген күнү, ким тарабынан берилгендиги, колдонуу мөөнөтү, уруксат берилген же лицензиялануучу ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмеги);
•    кылмыш-жаза, административдик, жарандык, нотариалдык, аткаруу өндүрүшүнүн алкагындагы маалыматтар жана белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалыматтар;
4.1.2.    Банктын санариптик сервистерин колдонуу процессинде автоматтык түрдө чогултулуучу маалыматтар:
•    Банктын сайтында же мобилдик тиркемесинде түзүлгөн аккаунт (эсептик жазуу) жөнүндө маалыматтар; метамаалыматтар, геолокация (уруксат берилген учурда), cookie-файлдардын маалыматтары, cookie-идентификаторлор, IP-даректер, браузер, операциялык тутум жана Кардар колдонуучусу болуп саналган түзүлүш жөнүндө маалыматтар;
•    Кардар тарабынан жүктөлүүчү файлдар жана фотосүрөттөр;
•    Мобилдик тиркеме же сайт менен өз ара аракеттенүү жөнүндө маалыматтар (анын ичинде аналитикалык окуялар, PUSH-билдирүүлөр, каталар жөнүндө отчеттор).
4.1.3.    Жеке маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган, жеке маалыматтардын субъекти тарабынан Банкка берилген же бериле турган, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте расмий булактардан же каалаган үчүнчү жактардан Банк тарабынан алынган же алына турган башка жеке маалыматтар.
4.2.    Банктын сервистерин колдонууда төмөнкүдөй жеке маалыматтар суралышы жана алынышы мүмкүн:
•    Кардар жөнүндө маалымат. Эсептик жазууну түзүүдө жана/же каттоодо жана/же Банктын сервистерин колдонуу процессинде Банк тарабынан аты-жөнү, жынысы, туулган күнү, жашаган дареги, электрондук почтасынын дареги, телефон номери, банктык картасынын же башка электрондук төлөм каражатынын реквизиттери суралат. Банк тарабынан кошумча маалыматтар да суралышы мүмкүн. Кардар тарабынан өзүнчө макулдук берилген учурда, Банк Кардардын байланыш маалыматтарына, фотосүрөттөр галереясына (Кардар Банктын сервистерин колдонууда сүрөттү тандап алууну көздөгөн учурда гана), мобилдик түзүлүштүн камерасына (кызмат үчүн төлөө же которуу үчүн QR-кодду же штрих-кодду сканерлөө үчүн) кирүү мүмкүнчүлүгүн ала алат;
•    Мобилдик түзүлүш жөнүндө маалымат. Банк тарабынан Кардардын мобилдик түзүлүштөрү жөнүндө маалыматтар (мобилдик түзүлүштүн модели, операциялык тутумдун версиясы, түзүлүштүн уникалдуу идентификаторлору, мобилдик тармак жөнүндө маалыматтар жана мобилдик телефондун номери) чогултулат; жайгашкан жер жөнүндө маалымат. Кардардын мобилдик түзүлүшүнүн географиялык жайгашуу функциясын колдогон Банктын санариптик сервистери Банкка Кардардын иш жүзүндөгү жайгашкан жери жөнүндө маалыматты, анын ичинде мобилдик түзүлүш тарабынан жөнөтүлүүчү GPS маалыматтарын алууга мүмкүндүк берет;
•    жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө маалымат. Товарлар жана кызматтар үчүн төлөө, акча которуулар боюнча операцияларды жүргүзүүдө, Банк тарабынан операциялар жүргүзүлгөн жер, убакыт жана сумма, төлөм ыкмалары, сатуучу жана/же кызмат көрсөтүүчү жөнүндө маалыматтар, эгерде бар болсо, операцияны жүргүзүү себептеринин сыпаттамасы, ошондой эле жогоруда аталган операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу башка маалыматтар чогултулат;
•    үчүнчү жактардан түшкөн маалымат. Бул маалымат кызматтарды талап кылынган деңгээлде көрсөтүү, үчүнчү жактардын Кардар алдындагы келишимдик милдеттенмелерин аткаруусу үчүн зарыл. Банк үчүнчү жактар тарабынан берилген, Кардар жана Кардар тарабынан көрсөтүлгөн башка жактар жөнүндө маалыматтарды камтышы мүмкүн болгон маалыматтарды алат;
•    Банктын карамагындагы башка маалыматтар, аларды Кардар берүүгө макулдук берген жана/же Банктын сервистери аркылуу кызматтарды көрсөтүү үчүн расмий булактардан же каалаган үчүнчү жактардан Банк тарабынан алынган маалыматтар.
4.3.    Ушул Келишимдин алкагында иштеп чыгууга уруксат берилген жеке маалыматтар Банкка төмөнкүлөр тарабынан берилет:
•  Банктын Кардарлары (анын ичинде интернет-банкингдин, мобилдик тиркеменин, сайттын жана Банктын башка санариптик сервистеринин колдонуучулары) же алардын өкүлдөрү тарабынан;
• Банкка арыздар, даттануулар, кайрылуулар менен кайрылган же Банктын сурамжылоолоруна катышкан жактар тарабынан;
•  Мамлекеттик жана башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, мамлекеттик маалыматтык тутумдар жана жеткиликтүү маалымат булактары тарабынан;
•   Жеке маалыматтары Банк тарабынан мыйзамдуу негиздерде иштеп чыгыла турган башка жактар тарабынан.


5.    Жеке маалыматтардын субъектисинин укуктары жана милдеттери

5.1.    Жеке маалыматтардын субъекти төмөнкүлөргө укуктуу:
•    өзүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгуу фактысы, максаттары жана ыкмалары жөнүндө маалымат алууга;
•    эгерде жеке маалыматтар так эмес болсо же мыйзамсыз иштеп чыгылса, аларды тактоону, блоктоону же жок кылууну талап кылууга;
•    берилген жеке маалыматтарды же алардын бир бөлүгүн өзгөртүүгө, жаңыртууга жана толуктоого;
•    жеке маалыматтарды иштеп чыгууга берген өз макулдугун кайтарып алууга (макулдукту кайтарып алуу Банк тарабынан кызмат көрсөтүүнүн токтотулушуна алып келет);
•    өз укуктары бузулган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга.
5.2.    Жеке маалыматтардын субъекти төмөнкүлөргө милдеттүү:
•    Банкка так жана актуалдуу маалыматтарды берүүгө;
•    жеке маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында кабарлоого;
•    маалыматтардын мыйзамдуу иштеп чыгылышына тоскоолдук кылбоого.
5.3.    Жалган маалыматтарды бергендиги, үчүнчү жактардын жеке маалыматтарын укукка каршы колдонгондугу же зыянга алып келген башка аракеттери үчүн жеке маалыматтардын субъекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.

6.    Банктын укуктары жана милдеттери

6.1.    Банк төмөнкүлөргө укуктуу:
•    жеке маалыматтарды жана/же жеке маалыматтарды камтыган документтерди суроого жана тактоого;
•    жеке маалыматтардын субъекти жеке маалыматтарды иштеп чыгууга берген макулдугун кайтарып алган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке маалыматтардын субъектинин жеке маалыматтарын иштеп чыгууну улантууга;
•    эгерде Банктын пикири боюнча Банктын санариптик сервистеринин коопсуздук жол-жоболору бузулса же бузууга аракеттер жасалса, анын ичинде Банктын санариптик сервистерин колдонуу менен үчүнчү жактар тарабынан жеке маалыматтар аркылуу алдамчылык операциялар жасалып жатат деген шектенүүлөр болгондо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Банктын санариптик сервистерине кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө же блоктоого.
6.2.    Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
•    жеке маалыматтардын субъектинин жеке маалыматтарын мыйзамдуу негиздерде жана жарыяланган максаттар үчүн гана иштеп чыгууга;
•    жеке маалыматтардын тактыгын, актуалдуулугун жана купуялуулугун камсыз кылууга;
•    жеке маалыматтардын субъектинин суроо-талабына Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жооп берүүгө.
6.3.   Банк, ушул Келишимдин 8.1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жеке маалыматтардын субъектинин жеке маалыматтарын укукка каршы колдонгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.

 

7.    Жеке маалыматтарды коргоо чаралары
 
7.1. Банк, жеке маалыматтардын массивинин ээси катары, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды укукка каршы же кокусунан кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, блоктоодон, көчүрүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле башка укукка каршы аракеттерден коргоо үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.
7.2. Мындай чараларга, катардагылардан тышкары, кирүү укуктарын чектөө, колдонуучуларды идентификациялоо, аутентификациялоо жана авторизациялоо; шифрлөө ыкмаларын жана корголгон байланыш каналдарын колдонуу; маалыматтардын резервдик көчүрмөсүн алуу жана алардын бүтүндүгүн контролдоо; Банктын кызматкерлерин жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча туруктуу аудиттен өткөрүү жана окутуу кирет.
7.3.   Коргоо чараларынын конкреттүү курамы жана маалыматтык тутумдардын корголушунун деңгээли Банктын ички документтери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №760 «Жеке маалыматтарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого карата Талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
7.4.    Жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, аларды иштеп чыгуу максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон мөөнөт ичинде сакталат. Иштетүүнүн максаттарына жеткенден кийин же аларга болгон зарылчылык жоголгондо, мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, маалыматтар жок кылынууга же инсансыздаштырылууга тийиш.


8.    Жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү жана чек аралар аралык берүү

8.1.    Банктын кызматтарын, продукттарын, сервистерин алуу менен, Кардар Банкка каалаган жеке маалыматтарын толугу менен же жарым-жартылай Кыргыз Республикасынын каалаган мамлекеттик, муниципалдык органдарына, ишканаларына, мекемелерине жана уюмдарына, кредиттик бюролорго, төлөм тутумдарына, банк-корреспонденттерге берүүгө, ошондой эле башка банктарга, финансы-кредиттик уюмдарга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга, төлөм тутумдарынын операторлоруна, төлөм уюмдарына, процессингдик борборлорго, уюлдук операторлорго, камсыздандыруу уюмдарына, электрондук акча операторлоруна, нотариустарга, баалоо компанияларына, аудитордук уюмдарга, Банктын бонустук/маркетингдик программалар боюнча өнөктөштөрүнө, ошондой эле ушул Келишимде көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон кызматтарды, продукттарды жана сервистерди көрсөтүүдө Банк тарабынан тартылган башка үчүнчү жактарга берүүгө, ошондой эле аталган органдардан жана уюмдардан идентификациялоо, верификациялоо, операцияларды жүргүзүү жана коштоо, милдеттенмелерди аткаруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максаттарын кошо алганда, ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн максаттарда Кардар жөнүндө жеке маалыматтарды жана башка маалыматтарды толугу менен же жарым-жартылай алууга ыйгарым укук берет.
8.2.    Кардар Банкка ушул Келишимде көрсөтүлгөн максаттарда, мамлекеттик маалыматтык тутумдар жана/же башка жеткиликтүү маалымат булактары жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каалаган жеткиликтүү маалымат булактары аркылуу жеке маалыматтарды текшерүүгө жана алууга ыйгарым укук берет.
8.3.    Банк жеке маалыматтарды чек аралар аралык берүүнү банктык операцияларды жүзөгө ашыруу, банктык продукттарды жана кызматтарды көрсөтүү максатында гана жүргүзө алат.
8.4.    Чек аралар аралык берүү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кардардын макулдугу болгон учурда гана жүзөгө ашырылат. Кардардын жеке мүнөздөгү маалыматтарды чек аралар аралык берүүгө макулдугу жазуу жүзүндө же аны берүү фактысын ырастоого мүмкүндүк берүүчү электрондук формада билдирилиши мүмкүн.
8.5.    Кандай гана болбосун берүүдө, анын ичинде чек аралар аралык берүүдө, Банк жеке маалыматтардын купуялуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт, ага коргоо каражаттарын колдонуу жана кабыл алуучу тарап менен келишимдик милдеттенмелерди түзүү кирет.


 
9.    Талаш-тартыштарды чечүү
  
9.1.    Жеке маалыматтардын субъекти менен Банктын ортосундагы мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштар боюнча доо арыз менен сотко кайрылганга чейин, дооматты (талаш-тартышты өз ыктыяры менен жөнгө салуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү сунуш) берүү милдеттүү болуп саналат.
9.2.    Дооматты алуучу (жеке маалыматтардын субъекти же Банк) дооматты алган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде дооматты кароонун жыйынтыгы жөнүндө доочуга жазуу жүзүндө билдирет.
9.3.    Өз ара макулдашууга жетишилбеген учурда, ушул Келишимден келип чыккан же ага байланыштуу, же болбосо андан келип чыккан талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер, талаптар же дооматтар, анын ичинде аны аткарууга, бузууга, токтотууга, жокко чыгарууга же жараксыздыгына тиешелүү маселелер Банк жайгашкан жер боюнча Кыргыз Республикасынын сотунда чечилүүгө тийиш. Талаш-тартыш карала турган колдонуудагы материалдык укук болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары саналат.
9.4.    Ушул Келишимге жана жеке маалыматтардын субъекти менен Банктын ортосундагы мамилелерге Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдары колдонулат.


 
10.    Корутунду жоболор

10.1.    Ушул Макулдашуу Банктын расмий сайтында — www.ksbc.kg жана Банктын мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.
10.2.    Банк Кардардын алдын ала макулдугусуз жана билдирүүсүз эле каалаган убакта ушул Макулдашууга бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Эгерде Макулдашуунун жаңы редакциясынын жоболорунда башкача каралбаса, Макулдашуунун жаңы редакциясы ал жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет.
10.3.    Жеке маалыматтарды иштетүүгө тиешелүү, ушул Макулдашууда чагылдырылбаган бардык мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
10.4.    Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өзгөрүшүнүн натыйжасында ушул Макулдашуунун айрым бөлүмдөрү карама-каршы келип калса, анда бул бөлүмдөр өз күчүн жоготот жана ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Банк тийиштүү убакыттын ичинде колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун жетекчиликке алат.