Кыргызча
О банке
Частным клиентам
Бизнес-клиентам
| Сатып алуу | Сатуу | КРУБ | |
|---|---|---|---|
| USD | 87.4 | 87.8 | 87.45 |
| EUR | 99.8 | 100.8 | 102.3121 |
| RUB | 1.12 | 1.22 | |
| KZT | 0.15 | 0.2 | 0.1626 |
| CHF | 105 | 120 |
| Сатып алуу | Сатуу | КРУБ | |
|---|---|---|---|
| USD | 87 | 87.5 | 87.45 |
| EUR | 99.8 | 100.8 | 102.3121 |
| RUB | 1.14 | 1.23 | |
| KZT | 0.1526 | 0.2083 | 0.1626 |
| CHF | 102.8977 | 114.3044 | |
| CNY | 12.5541 | 13.1976 | 12.2803 |
| AED | 23 | 24.3 |
| Сатып алуу | Сатуу | |
|---|---|---|
| KGS | 11 193.6 | 12 592.8 |
| USD | 128 | 144 |
| Вес, грамм | Сатып алуу | Сатуу |
|---|---|---|
| 100 гр. | 850 000 | 1 245 000 |
| 2 гр. | 22 000 | 30 100 |
| 10 гр. | 115 000 | 132 500 |
| 31,1035 гр. | 300 000 | 410 000 |
| 1 гр. | 10 000 | 17 200 |
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 1992-жылдын 07-майындагы №020 лицензиясы
Купуялуулук жөнүндө макулдашуу© 2013-2026 Бардык укуктар корголгон
Калоян Стоянов 2013-жылдан бери Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет. 2019-жылдан тартып Директорлор кеңешинин Төрагасы болуп иштейт. Ошондой эле дайындоолор жана сыйлык берүү боюнча комитеттин төрагасы болуп саналат. Лозанна университетинен юридикалык илимдер боюнча докторлук даражаны алган. Учурда юридикалык жана салыктык маселелер боюнча көз карандысыз консультант болуп иштейт. 40 жылдан ашык убакыттан бери укуктук жана салык маселелери менен алектенип келет.
Клод Видмер 2013-жылдан бери Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет жана Аудит комитетинин жана Тобокелдиктерди башкаруу комитетинин курамына кирет. Ал Женевадагы бизнес мектебинде билим алган. Учурда экономикалык жана каржылык маселелер боюнча көз карандысыз консультант болуп иштейт. Банктар чөйрөсүндө 45 жылдан ашык жетекчилик тажрыйбасы бар. Айрыкча, ал Credit Suisse банкына караштуу филиалды жетектеп, анда кредиттик ишмердүүлүк үчүн жоопкер болгон. Ошондой эле Женева кантондук банкынын директору болуп иштеген.
Саломон Бенарош 2023-жылдан бери директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана аудит боюнча комитетти жетектейт, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу жана дайындоолор, сый акылар боюнча комитеттердин курамына кирет. Женева техникалык мектебинде билим алган. Продукцияны илгерилетүү жана администрациялоо жаатында ири компанияларда 50 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. Швейцариянын ири жана орто компанияларында IT жайылтуу жаатында 35 жыл иштегенден кийин, кыймылсыз мүлк боюнча брокердик компанияны түзүүгө катышкан жана бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде иштейт.
Кристиан Люшер 2025-жылы Банктын Директорлор кеңешинин курамына кирген. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү катары, ал Тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы болуп саналат. Г-н Люшер адвокаттык ишмердүүлүгүн жүргүзүп, CMS von Erlach Partners юридикалык фирмасында өнөктөш болуп саналат. Ал 16 жыл бою швейцариялык парламенттин мүчөсү болгон, атап айтканда, экономикалык жана салык маселелери боюнча комитетти жетектеген, ошондой эле укуктук маселелер боюнча комитеттин, тышкы иштер боюнча комитеттин жана сот комитетинин мүчөсү болгон.
Жан-Люк Бэшлер 2025-жылдан бери Банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана Аудит боюнча комитеттин курамына кирет. Бир нече жыл бою Швейцариянын Федералдык административдик сотунун президенти болуп иштеген. Бэшлер мырза каржы секторун жана эл аралык корпоративдик башкарууну терең түшүнгөн, укук жана жөнгө салуу жаатындагы эксперт болуп саналат.
Ташбаев Алмаз Калдарович директорлор кеңешине 2021-жылдын март айында кирген, тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин жана аудит боюнча комитеттин мүчөсү болуп саналат. Россия мамлекеттик социалдык университетинде (Москва шаары) финансы жана кредит боюнча жогорку билим алган. Каржы структураларында 25 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. 2018-жылдын октябрь айынан бери "Централ Эйжа Интернэшнл" санариптик активдер биржасы" ЖАКтын аткаруучу директору болуп иштейт.
Жамансариева Асел Анарбековна 2026-жылдын март айында Директорлор кеңешинин курамына кирген. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинен жогорку юридикалык билим алган. Юридикалык жана камсыздандыруу тармагында 29 жылдык иш тажрыйбасы бар. Камсыздандыруу уюмдарында жана кесиптик бирикмелерде жетекчи кызматтарды ээлеген (ЖАК «САКБОЛ», ЖАК «НСК», ЮЖБ «Кыргызстан Камсыздандыруучулар Ассоциациясы», ЮЖБ «Кыргызстан АвтоКамсыздандыруучулар Союзу»). Дүйнөлүк банк жана БУУнун эл аралык долбоорлору менен иштөө тажрыйбасы бар. 2025-жылдын август айынан бери «Девент Девелопмент» ЖЧКсында юрист кызматын аркалап келет.