Кыргызча
УРМАТТУУ КАРДАРЛАР!
Биздин кызматтарды тандап, банкыбызга ишенгениңиз үчүн рахмат!
Биздин негизги баалуулугубуз Сиз, биздин Кардарлар, ошондуктан биз сиздер менен кызматташууну ыңгайлуу жана натыйжалуу болушуна умтулабыз. Кызматтын сапатын тынымсыз жогорулатуу Банк үчүн эң башкы артыкчылык болуп саналат. Биздин Кардарларыбыздын бардык суроо-талаптары артыкчылыктуу жана кабыл алуу графиги боюнча алдын ала дайындалбастан же макулдашуусуз каалаган филиалда же сактык кассада каралат. Ал эми Сиз Банктын жетекчилиги менен жолугууну кааласаңыз, алгач байланыш борборуна +996 (312) 543424 телефону аркылуу жолугушууга жазылууңуз керек.
Аты-жөнү |
Кызмат орду |
Кабыл алуу күнү |
Кабыл алуу убактысы |
---|---|---|---|
Червонова Кристина Владимировна |
Башкармалыктын Төрагасы |
Дүйшөмбү |
16.00 – 17.00 |
Карабаев Урмат Мурзакулович |
Башкармалыктын төрагасынын орун басары |
Шаршемби |
17.00 – 18.00 |
Жардамова Айзада Садыковна |
Башкармалыктын төрагасынын орун басары |
Шейшемби |
15.00 – 16.00 |
Закиров Бакыт Алмазбекович |
Башкармалыктын мүчөсү |
Жума |
13.00 – 14.00 |
Эдигеева Алина Аралбековна |
Башкармалыктын мүчөсү / Башкы бухгалтер |
Шейшемби |
17.00 – 18.00 |
Червонова Кристина Владимировна
Башкармалыктын Төрагасы
Дүйшөмбү, 16.00 – 17.00
Карабаев Урмат Мурзакулович
Башкармалыктын төрагасынын орун басары
Шаршемби, 17.00 – 18.00
Жардамова Айзада Садыковна
Башкармалыктын төрагасынын орун басары
Шейшемби, 15.00 – 16.00
Закиров Бакыт Алмазбекович
Башкармалыктын мүчөсү
Жума, 13.00 – 14.00
Эдигеева Алина Аралбековна
Башкармалыктын мүчөсү / Башкы бухгалтер
Шейшемби, 17.00 – 18.00
Ошондой эле Банктын иши боюнча сунуштар келип чыккан учурда Сиз:
Сиздин жазуу жүзүндөгү кайрылууңузду кароонун натыйжалары жана көрүлгөн аракеттер жөнүндө кайрылуу катталган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбестен кабарланат.
Ошондой эле чечимдин жыйынтыгын bank@ksbc.kg электрондук дареги же +996 (312) 543424 телефону аркылуу ала аласыз.
Ар бир кардар финансылык-кредиттик уюмга арыз же даттануу менен кайрылууга укуктуу.
Финансы-кредиттик уюмдар анонимдүү арыздарды кароого мүмкүн эмес экенин эстен чыгарбоо керек.
Финансылык мекемелер керектөөчүлөрдүн кайрылуулары менен иштөө үчүн атайын кызматкерлерди дайындайт, алар жеке өзү же телефон аркылуу кайрылууларды кароонун белгиленген тартибин түшүндүрүп, зарыл болгон учурда жазуу жүзүндөгү кайрылууну түзүүгө көмөк көрсөтө алышат.