Төлөм карталары боюнча операцияларды эсепке алуу бөлүмүнүн алдыңкы адиси

Башкы кеңсе Бишкек ш. 05/10/2026

Милдеттери

Галочка

Карталык операцияларды эсепке алуу процессинин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана келип чыккан көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү.

Галочка

Карталык операциялар тармагында жаңы чечимдерди, продуктыларды жана кызматтарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышуу.

Галочка

Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн карталык операцияларды эсепке алуу процесстерин талдоо жана оптималдаштыруу.

Галочка

Карталык операцияларды эсепке алуу маселелери боюнча Банктын бөлүмдөрү, төлөм системалары жана процессинг борборлору менен өз ара аракеттенүү.

Галочка

Бизнес-талаптарды, техникалык тапшырмаларды жана банктык системаларды өркүндөтүү боюнча ишке ашыруу пландарын даярдоого катышуу.

Галочка

Отчетторду даярдоо, расмий иш кат алышууларды жүргүзүү жана ички документтерди иштеп чыгууга жана жаңыртууга катышуу.

Талаптар

Галочка

Карталык операцияларды эсепке алуу тартибин жана аларды банктын бухгалтердик эсебинде чагылдыруу принциптерин билүү.

Галочка

Төлөм системаларынын иштөө принциптерин, төлөм карталары боюнча эсептешүүлөрдүн жана өз ара эсептешүүлөрдүн тартибин билүү.

Галочка

Карталык операциялардын туура эсепке алынышын көзөмөлдөө, каталарды жана дал келбестиктерди аныктоо жөндөмү.

Галочка

Карталык операцияларды иштетүү жана эсепке алуу маселелери боюнча процессинг борборлору, төлөм системалары жана автоматташтырылган банктык система (АБС) менен иш алып баруу көндүмдөрү.

Галочка

Карталык операциялар боюнча маалыматтарды талдоо, отчетторду даярдоо жана Банктын башка бөлүмдөрү менен өз ара иштөө жөндөмү.

Галочка

Артыкчылык болуп саналат: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын жана Банктын ички ченемдик документтерин билүү.

Галочка

Бизнес-талаптарды жана техникалык тапшырмаларды даярдоо, жаңы чечимдерди, продуктыларды жана кызматтарды киргизүү, ошондой эле банктык маалыматтык системаларды өркүндөтүү боюнча түшүнүккө ээ болуу.

Галочка

Кызмат көрсөтүүчүлөр, төлөм системаларынын операторлору жана процессинг борборлору менен иштөө тажрыйбасы.

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу

Приложение KSB Online

Управлять финансами ещё удобнее

QR-код для скачивания приложения

Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online

Приложение KSB Online