Юридикалык башкаруу бөлүмүнүн укуктук коштоо бөлүмүнүн башчысы

Башкы кеңсе Бишкек ш. 10/02/2025

Милдеттери

Банктын жана анын бөлүнгөн түзүмдөрүнүн, бизнес процесстеринин укуктук коштоосун камсыздоо;

Договорлорду, ички нормативдик, уюштуруучулук-башкаруучу документтерди даярдоо жана макулдашуу;

Юридикалык маселелер боюнча корутундуларды даярдоо, анын ичинде кредиттөө, камсыздандыруу жана эсептешүү-кассалык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу;

Ишенчим каттарын берүү, эсепке алуу жана сактоо;

Банктын башкармалыгынын мүчөлөрүн жана структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилерин Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларындагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоо, алар Банктын ишине тиешелүү;

Банктын кызыкчылыктарын мамлекеттик, коомдук, коммерциялык уюмдарда, ишканаларда жана бардык формадагы менчик мекемелерде ишеним кат негизинде көрсөтүү.

Талаптар

Жогорку юридикалык билим;

Адистик боюнча иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес;

Сотто өкүлчүлүк кылуу тажрыйбасы;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик укуктук актыларын билүү;

Информаикалык юридикалык базалар менен иштөө көндүмдөрү;

Каржылык-кредиттик уюмдарда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

Кыргыз тилин билүү;

Англис тилин билүү (артыкчылык болуп саналат);

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик укуктук актыларын билүү;

Информаикалык юридикалык базалар менен иштөө көндүмдөрү.

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу