Кыргызча
Потенциалдуу кардарларга жалпы банктык маалыматты берүү, банктык продуктылар боюнча консультацияларды жүргүзүү;
Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына жана Банктын ички нормативдик документтерине ылайык физикалык жана юридикалык жактарга улуттук жана/же чет элдик валютада банктык эсептерди, анын ичинде карточкалык эсептерди ачуу жана жабуу;
Кардарлардын буйругуна ылайык улуттук жана чет элдик валютада банк аралык жана банк ичиндеги которуу операцияларын жүргүзүү, банктык эсептерди ачуу менен же ачпастан, анын ичинде акча которуу системалары аркылуу;
Банктын кардарларын жеке банк сейфтерин ижарага алуу боюнча тейлөө.
Жогорку экономикалык билим;
Адистик боюнча кеминде 2 жыл иш стажы, анын ичинде банк тармагында кеминде 3 жыл;
Банк ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды билүү;
Ишкердик баарлашуу жана коммуникация көндүмдөрүнүн болушу;
Оозеки жана жазма англис тилин жакшы деңгээлде билүү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;
Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;
Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;
Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;
Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;
Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.