Экономика бөлүмүнүн башкы адиси

Башкы кеңсе Бишкек ш. 16/10/2025

Милдеттери

Кыргыз Республикасынын банк секторун талдоо,

Ар кандай отчетторду даярдоого катышуу.

Банктын НБКР тарабынан белгиленген экономикалык нормативдерди жана талаптарды аткарылышын көзөмөлдөө,

Банктын каржылык стратегияларын иштеп чыгуу, бюджетти пландоо, бизнес-пландардын долбоорлорун даярдоо,

Ай сайын бизнес-пландын аткарылышы боюнча отчетторду даярдоо, каржылык ишмердүүлүктү талдоо жана каржылык жыйынтыктарды божомолдоо,

Банктын жалпы ишмердүүлүгүн, ошондой эле анын аймактык жана структуралык бөлүмдөрүнүн ишин талдоо; талдоонун жыйынтыгында Жетекчиликке иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо,

Банктын каржылык-хозяйстволук ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу,

Бекитилген бюджеттин алкагында структуралык бөлүмдөрдүн чыгымдарын макулдашуу,

Учурдагы жана кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк боюнча божомолдорду түзүү,

Талаптар

Жогорку экономикалык билим (экономика, финансы),

Компьютерди жакшы билүү, Excel программасында жогорку деңгээлде иштөө,

Каржы, бухгалтердик эсеп, каржылык отчеттуулукту талдоо жана башка каржылык аспектилер боюнча билим,

Банктын мыйзамдарын жана нормативдик актыларын түшүнүү,

Банктын негизги операциялары боюнча билим,

Маалыматтарды талдоо, тенденцияларды божомолдоо жана негизделген чечимдерди кабыл алуу жөндөмү,

Коммуникациялык жөндөмдөрү өнүккөн, командада жана башка бөлүмдөр менен иштөө мүмкүнчүлүгү,

Орус тилин эркин билүү; англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу