Ички аудиттин башкы/жетекчи адиси

Башкы кеңсе Бишкек ш. 16/10/2025

Милдеттери

Финансы, аудит же экономика тармагында жогорку билим;

Банктын же каржылык системадагы экономикалык, бухгалтердик иш тажрыйбасы кеминде 2 жыл;

Банктын же каржылык системадагы аудитордук тажрыйба кеминде 1 жыл – артыкчылык катары;

Аудиттик методикаларды, процедураларды жана ички аудиттин эл аралык кесиптик стандарттарын билүү;

Техникалык көндүмдөр – MS Office программасын мыкты деңгээлде билүү, башка колдонмо программаларды жетиштүү деңгээлде билүү;

Көп жолу иш сапарларына чыгуу мүмкүнчүлүгү.

Талаптар

Иш пландарына жана Директорлор кеңешинин тапшырмаларына ылайык жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүлөргө жана атайын тапшырмаларга катышуу;

Аудиттик иш программаларын даярдоо, аудиттин объектилерин жана көлөмүн аныктоо, аудиттик процедураларды жүргүзүү үчүн үлгү алуу;

Банктын ишмердигин жакшыртуу боюнча сунуштар менен отчетторду даярдоо;

Мурунку ички жана тышкы аудиттерде аныкталган кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды жоюуну мониторинг кылуу;

Зарылчылык болгондо – кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик документтерин, Банктын саясаттары менен процедураларын одоно бузуу же кыянаттык фактыларын текшерүү;

Компетенциясына кирген маселелер боюнча Банктын бөлүмдөрүнө оозеки жана жазуу түрүндөгү консультацияларды берүү.

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу