АКШ долларындагы SWIFT которуулары — алуучуга АКШ долларында төлөнөт, дүйнөнүн 160тан ашык өлкөсүнө

Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК АКШ долларындагы эл аралык SWIFT которуулары үчүн атайын тарифти ишке киргизди — дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө төмөндөтүлгөн комиссия менен

Мындан тышкары, эми АКШ долларындагы SWIFT которуусун жөнөткөндө, алуучу каражатты АКШ долларында алат — конвертациясыз. Бул төлөмдүн валютасын сактоого жана валюта алмаштыруудан келип чыккан жоготууларды болтурбоого мүмкүндүк берет.

 

Бул өзгөчө каражаттын дал ошол жөнөтүлгөн валютада алынышы маанилүү болгон кардарлар үчүн ыңгайлуу.

Атайын тарифтин алкагында АКШ долларындагы SWIFT которуусу үчүн комиссия которуунун суммасынын 0,15%ын түзөт:

  • Минималдуу комиссия — 35 АКШ доллары;
  • Максималдуу комиссия — 150 АКШ доллары.

 

SWIFT которууларын дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүнө, анын ичинде АКШга, Европа өлкөлөрүнө, БАЭге, Түркияга жана Түштүк Кореяга жөнөтүүгө болот.

Атайын тариф Кыргыз Республикасынын жеке жактарына жана юридикалык жактарына жеткиликтүү.

Жеке жактар SWIFT которууларын чет өлкөдөгү окуу акысын, дарыланууну, товарларды жана кызматтарды төлөө, ошондой эле башка эл аралык төлөмдөр үчүн пайдалана алышат.

 

Юридикалык жактар үчүн SWIFT которуулары чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, товарларды, жабдууларды жана кызматтарды төлөөгө, ошондой эле тышкы соода келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткарууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Атайын тариф тууралуу кеңири маалыматты банктын бөлүмдөрүнөн, 2424 кыска номери аркылуу же WhatsApp: +996 705 54 34 24 аркылуу алууга болот.

 

Маалымат үчүн

«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК — Кыргыз Республикасынын банк рыногунда 2013-жылдан бери иштеп келе жаткан универсалдуу банк. Банк жеке жана юридикалык жактар үчүн банктык кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт, заманбап финансылык чечимдерди жана эл аралык төлөм кызматтарын активдүү өнүктүрөт. Ошондой эле билим берүү, маданият жана туруктуу өнүгүү жаатындагы демилгелерди колдоп, адам капиталына инвестиция салууну экономикалык өсүштүн жана коомдун бакубаттуулугунун маанилүү фактору катары карайт