Кыргызча
Банк жөнүндө
Жеке кардарларга
Бизнес-кардарлар үчүн
| Сатып алуу | Сатуу | КРУБ | |
|---|---|---|---|
| KZT | 0.16 | 0.19 | 0.1626 |
| RUB | 1.135 | 1.175 | |
| CHF | 100 | 115 | |
| USD | 87.3 | 87.8 | 87.45 |
| EUR | 102.3 | 103.3 | 102.3121 |
| Сатып алуу | Сатуу | КРУБ | |
|---|---|---|---|
| CNY | 12.2535 | 12.8676 | 12.2803 |
| KZT | 0.15 | 0.1862 | 0.1626 |
| RUB | 1.11 | 1.185 | |
| CHF | 103.2028 | 114.6789 | |
| AED | 23 | 24.3 | |
| USD | 87 | 87.5 | 87.45 |
| EUR | 102.3 | 103.3 | 102.3121 |
| Сатып алуу | Сатуу | |
|---|---|---|
| USD | 147 | 163 |
| KGS | 12 855.15 | 14 254.35 |
| Вес, грамм | Сатып алуу | Сатуу |
|---|---|---|
| 1 гр. | 10 000 | 18 000 |
| 2 гр. | 22 000 | 32 000 |
| 10 гр. | 115 000 | 142 000 |
| 31,1035 гр. | 300 000 | 441 000 |
| 100 гр. | 850 000 | 1 416 000 |
БАШКАРМАНЫН ТӨРАГАСЫ
БАШКАРМАЛЫКТЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ
БАШКАРМАЛЫКТЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ
БАШКАРМАНЫН МҮЧӨСҮ
БАШКАРМАНЫН МҮЧӨСҮ / БАШКАРУУЧУ ДИРЕКТОР
БАШКАРУУЧУ ДИРЕКТОР
Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 1992-жылдын 07-майындагы №020 лицензиясы
Купуялуулук жөнүндө макулдашуу© 2013-2025 Бардык укуктар корголгон
Кристина Червонованын банк секторунда, анын ичинде тобокелдиктерди тескөө, корпоративдик жана чекене кредиттөө жаатында 20 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. “Россия инвестициялык банкы” ААКда кредиттөө боюнча Башкарманын Төрагасынын орун басары кызматын ээлеген, бул жерде кредиттик саясатты ишке ашыруу, кредиттик портфелди башкаруу жана тобокелдик-менеджмент системасын өнүктүрүү үчүн жооп берген. Мурда ошол эле банкта Тобокелдиктер башкармалыгын жетектеп, тобокелдиктерди тескөөнүн комплекстүү системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө жетишкен. “Кыргыз инвестициялык-кредит банкында” иштеген, аталган банкта корпоративдик портфелди талдоо, кредит комитетине сунуштамаларды даярдоо жана тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү менен алектенген. Жогорку экономикалык билими бар жана банктык тобокелдиктер, жөнгө салуу жана финансылык талдоо боюнча көптөгөн эл аралык программалардан өткөн. Кристина Червонова Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын экономика факультетинин бюджеттик бөлүмүн аяктаган. “КСБ Коммерциялык банк” ЖАКга 2018-жылы кошулган. 2019-жылдын мартында Башкарманын Төрагасы кызматына дайындалган.
Айзада Жардамованын банк секторунда, анын ичинде чакан жана орто бизнести кредиттөө, корпоративдик кредиттөө жана кардарлар бөлүмдөрүн башкаруу жаатында 18 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. Ошондой эле кредиттөө багытын жетектөөнү жана Башкарманын ишине катышууну кошо алганда, кредит блогунда башкаруу тажрыйбасына ээ. “Казкоммерцбанк Кыргызстан” банкында кредиттик ассистенттен тартып кардарлар менен иштөө боюнча башкармалыктын башчысына чейинки жолду басып өткөн, ошондой эле “Россия инвестициялык банкы” ААКда корпоративдик жана ЧОБ-кредиттөө жаатында иштеген. Кредиттик чечимдерди кабыл алуу жана тобокелдиктерди тескөө боюнча ЕРӨБ (RSBP) окуусунан өткөн, баалуу кагаздар рыногундагы брокердик иш боюнча квалификациялык күбөлүгү бар. Эмгек ишмердүүлүгүндө “Казкоммерцбанк Кыргызстан”, “Юникредит Банк”, “Росинбанк” банктарында иштеген. Кредиттик талдоо, зайымчыларды коштоо жана тобокелдиктерди тескөө процесстери боюнча терең түшүнүгү бар. Айзаданын “Манас” Кыргыз-түрк университетинде алган жогорку экономикалык билими бар, аталган окуу жайда экономика адистиги боюнча бакалавриатты жана магистратураны аяктаган. “КСБ Коммерциялык банк” ЖАКда 2019-жылдын январынан тартып иштеп баштаган. 2023-жылдын мартында Башкарманын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.
Уланбек Хамраев банктык көзөмөл, аудит, комплаенс жана финансылык мониторинг чөйрөсүндө 17 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Кошумча кесиптик сертификаттары бар, САР (сертификатталган бухгалтер-практик) сертификациясын, терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана финансылык мониторинг, ички көзөмөл жана ички аудит, банктык тобокелдиктер (GARP) боюнча курстарды, ошондой эле валюталык көзөмөл жана AML маселелери боюнча окууну кошо алганда, профилдик окуулардан өткөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын инспектору жана башкы инспектору, андан кийин Пакистандын Улуттук банкынын Бишкек филиалында ички аудитор жана комплаенс-офицер болуп иштеген. Банктар аралык процессинг борборунда ревизор жана комплаенс-офицер иш тажрыйбасына ээ. Уланбек Хамраев Кыргызстандын Эл аралык университетин банк ишине адистешүү менен, Экономика багыты боюнча аяктаган. Тобокелдиктер, аудит, ички көзөмөл, финансылык мониторинг жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча кесиптик окуулардан өткөн. 2021-жылдын октябрынан тартып “КСБ Коммерциялык банк” ЖАКта Ички аудит бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган. 2025-жылдын мартында Башкарманын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.
Бакыт Закировдун юридика чөйрөсүндө жана банк индустриясында, анын ичинде юридика бөлүмдөрүн жетектөөдө, Башкарманын жана Директорлор кеңешинин ишине катышууда, ошондой эле финансы уюмдарынын ишин жетектөөдө 30 жылдык иш тажрыйбасы бар. 1996-жылдан тартып финансы секторунда юридикалык жана башкаруучулук позицияларды ээлеген, анын ичинде “Максат”, “Кайрат Банк”, “Энергобанк” (АТФ Банк - Кыргызстан) банктарында юрист жана юридика кызматынын жетекчиси кызматын аркалаган. Кийин “Энергобанк” ААК (АТФ Банк - Кыргызстан) Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин мүчөсү, “Ай-Пери” ААК Башкармасынын Төрагасы, “Аманбанк” жана “Кыргызпромстройбанк” банктарында Башкарманын Төрагасынын орун басары, ошондой эле “АзиаУниверсалБанкта” улук вице-президент кызматын ээлеген. 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жетектеген. Кыргыз-Россия Славян университетинде алган жогорку юридикалык билими бар. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик иш боюнча квалификациялык күбөлүктү жана терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана банктык тобокелдиктер маселелери боюнча окууну кошо алганда, кошумча окуулардан жана сертификаттоодон өткөн, ошондой эле кесиптик жаатта Кыргызстандын Банктар бирлигинин ыраазычылык каты жана ардак грамотасы, “Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. 2018-жылдын ноябрынан тартып “КСБ Коммерциялык банк” ЖАКта иштеп баштаган. 2019-жылдын июлунда Башкарманын мүчөсү кызматына киришкен.
Сания Исакованын банктык чөйрөдө, кредиттөө, инвестициялык долбоорлорду түзүмдөштүрүү жана түз инвестициялар жаатында 17 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Кызматка дайындалганга чейин эл аралык инвестициялык фонддордо жетектөөчү позицияларды ээлеген, инвестициялык долбоорлорду башкарган, финансылык отчетторго талдоо жүргүзгөн жана инвестициялык меморандумдарды түзгөн. Мурда “Кыргыз инвестициялык-кредит банкында” иштеген, аталган банкта корпоративдик жана чекене кредиттөө боюнча адистен улук кредиттик андеррайтер жана ЧОБ багытынын башчысына чейинки жолду басып өткөн. Сания Исакова Кыргыз-Россия Славян университетин аяктаган жана ЧОБ жана финансылык талдоо чөйрөсүндө кошумча окуудан өткөн. 2024-жылдын май айынан тартып “КСБ Коммерциялык банк” ЖАКда иштеп баштаган. 2025-жылдын мартында Башкарманын мүчөсү жана Башкаруучу директор кызматына киришкен.
Адилет Шакиралиев – башкаруучу директор, 2025-жылдан тартып Банктын операциялык ишин тескейт. “Банк иши” жана “Финансы жана кредит” адистиктери боюнча жогорку билими бар. Банк чөйрөсүндө, анын ичинде кредиттерди камсыздоо, комплаенс-көзөмөл жана бизнес-процесстерди оптималдаштыруу боюнча багыттарды жетектөө жаатында 13 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. Комплаенс-тобокелдиктер, кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү, санкциялык жөнгө салуу, күрөөлөрдү баалоо, операциялык натыйжалуулук жана бэк-кеңсени борборлоштурулган башкаруу жаатында кесиптик окуудан өткөн. Өзүнүн банктык карьерасында “Россия инвестициялык банкы” ААКда иштеген, бул жерде кредиттерди камсыздоо боюнча адистен кредиттик менеджерге чейинки жолду басып өткөн. Кийин “Компаньон Банкы” ЖАКда Кредиттик көзөмөл башкармалыгында иштеген. “КСБ Коммерциялык банк” ЖАКга 2018-жылдын сентябрында кошулган.