Жаңылыктар

Тбилисиге сапар: банктардагы инновациялардан шыктанып жатабыз

КСБ кызматкерлери Тбилисиге иш сапары менен барып, тажрыйба алмашып жана Грузиянын банк секторундагы мыкты тажрыйбаларды изилдешти.

Стратегиялык өнүгүүнүн жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуунун алкагында, КСБ командасы Тбилисиге иш сапарында төмөнкү алдыңкы банктарга барышты:

  • TBC Bank
  • ProCredit Bank
  • Terabank
  • Bank of Georgia

Иш сапардын өзгөчө бөлүгү — ESG (Экологиялык, Социалдык жана Башкаруу) принциптерин ишке ашыруу жана туруктуу каржылоону колдонуу боюнча тажрыйбаларды изилдөө болду. Бул багыттар бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча банк тармагын өнүктүрүүнүн негизги бөлүгү болуп саналат.

Грузиялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушууларда кеңири талкууланган темалар:
— ESG-принциптерин бизнес-процесстерге интеграциялоо
— экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди баалоо куралдары
— туруктуу долбоорлор үчүн каржылоону тартуу механизмдери

Бул тажрыйба алмашуу биздин банкта колдонууга ылайыктуу жана ийгиликтүү практикаларды аныктоого шарт түздү.

КСБ өз ишмердүүлүгүнө ESG-принциптерин активдүү киргизүүгө, экономика менен коомдун жоопкерчиликтүү жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууга умтулат.





Другие новости

Бардык жаңылыктар

Маанилүү маалымат!

«Манас» аэропортунун VIP-залына Visa Platinum жана Visa Signature карталары менен кирүү убактылуу жеткиликсиз. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана кызмат калыбына келтирилгенин дароо кабарлайбыз.

Техникалык иштер!

Урматтуу кардарлар! Мобилдик жана интернет-банкингди жаңыртуу боюнча техникалык иштерге байланыштуу, 2025-жылдын 5-августунда саат 21:00дөн 6-август саат 03:00гө чейин (КР убактысы боюнча) бул кызматтар убактылуу …

Visa Classic картасы боюнча жылдык тейлөө акысы жоюлат

Урматтуу кардарлар, Сиздерди 2025-жылдын 12-августунан тартып Visa Classic карталары боюнча жылдык тейлөөнүн акысы жоюларын маалымдайбыз. Бул карта боюнча жылдык тейлөө акысыз болот.