Жаңылыктар

“БИЗДИН ЭСЕБИБИЗДЕН ӨРГҮҮГӨ” АКЦИЯСЫ!


2025-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин сатып алган нерселериңиз үчүн КСБ КБнын Visa Platinum жана Visa Signature карталарынан төлөп, баалуу байгелерди ойнотууга катышыңыз.

Баш байге – Вьетнамга эки кишилик жолдомо 🇻🇳 
Жеңүүчү жалпы акциянын жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Орто аралыктагы байгелер: Garmin акылдуу сааттары. Бул байге ай сайын эң көп квалификациялуу операцияларды жүргүзгөн бир катышуучуга ыйгарылып турат.

Кимдер катыша алат:
• Аракетке жөндөмдүү жеке адамдар – Кыргыз Республикасынын резиденттери;
• КСБ КБнын кардарлары жана жарактуу Visa Platinum же Visa Signature карталарынын ээлери.
Резиденттин статусу Банктын эсепке алуу маалыматтары боюнча аныкталат.

Кандай операциялар эске алынат:
• POS-терминалдар аркылуу төлөмдөр;
• Онлайн-төлөмдөр (интернет-эквайринг).

Бир операциянын минималдуу суммасы – 200 сом (же башка валютадагы эквиваленти).

Жеңүүчү кантип аныкталат:
• Негизги критерий – акция өткөн мезгил ичинде квалификациялуу операциялардын саны;
• Сандар бирдей болуп калган учурда бардык эсепке алынган транзакциялардын эң көп суммасына ээ болгон катышуучу артыкчылыкка ээ болот.

Жыйынтыктар:
• Аралык жыйынтыктар ар бир ай сайын чыгарылат (сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь үчүн), календардык ай аяктагандан кийин.
• Негизги жеңүүчү акция бүткөндөн кийин аныкталат.

Visa Platinum жана Visa Signature карталары менен соода кылып, транзакцияларды топтоп, кыялыңыздагы эс алууга умтулуңуз!


Акциянын шарттары: «Эс алуу биздин эсебибизден!» KSB банкынын Visa карталары менен төлөп, Вьетнамга саякат жана башка байгелерди утуп алыңыз!

Бөлүм Пункт Текст
1. Жалпы жоболор 1.1 Акциянын аталышы: «Эс алуу биздин эсебибизден!» KSB банкынын Visa карталары менен төлөп, Вьетнамга саякат жана башка байгелерди утуп алыңыз!
  1.2 Уюштруучу: ЖАК «Коммерциялык банк КСБ» (мындан ары — Банк) Visa эл аралык төлөм системасы менен биргеликте.
  1.3 Өткөрүү аймагы: Кыргыз Республикасы (промо-аймак — материалдарды жайгаштыруу жана маалымдоо).
  1.4 Максат: Visa премиалдык карталары аркылуу накталай эмес операцияларды стимулдаштыруу, кардарлардын лоялдуулугун жогорулатуу, карталарды эмиссиялоону колдоо жана Банктын имиджин бекемдөө.
  1.5 Мөөнөтү: 01.09.2025–31.12.2025 (кошо эсептегенде). Жыйынтыктар жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо — 2026-жылдын январь айында.
  1.6 Акциянын мүнөзү: акция стимулдаштыруучу мүнөзгө ээ, лотерея/азарттык оюн/пари эмес. Катышуу акысыз жана өзүнчө каттоону талап кылбайт — ушул Шарттарга ылайык операцияларды жасоо жетиштүү.
2. Акциянын катышуучулары 2.1 Ким катышат: аракетке жөндөмдүү жарандар — Кыргыз Республикасынын резидент-кардарлары (резидент статусу Банктын каттоо маалыматтары боюнча аныкталат), Банктан чыгарылган жарактуу Visa Platinum жана Visa Signature карталарынын ээлери. Visa Classic карталары акцияга катышпайт.
  2.2 Ким катыша албайт: Банктын кызматкерлери, алардын жакын туугандары (жубай(ы), ата-эне, балдар, асырап алуучулар/асыранды балдар, бир туугандар, чоң ата/чоң эне, неберелер), аффилирленген тараптар; 18 жашка чейинкилер; аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендер. Мындай учурлар аныкталса, жыйынтыктар жокко чыгарылат, байге кийинки рейтингдеги катышуучуга берилет.
3. Катышуу шарттары 3.1 01.09.2025–31.12.2025 мезгилинде катышуучу Visa Platinum/Signature карталары менен товар/кызмат үчүн накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзөт.
  3.2 Акцияга кирген операциялардын түрлөрү: — соода жана тейлөө жайларындагы POS-терминалдар аркылуу төлөмдөр; — онлайн-төлөмдөр (интернет-эквайринг / VPOS).
  3.3 География жана валюта: операциялар кайсы өлкөдө жана кайсы валютада жүргүзүлгөнүнө карабастан эске алынат, эгерде алар Банктын Visa Platinum/Signature карталары менен жасалган болсо.
  3.4 Бир операциянын минималдуу суммасы: 200 (эки жүз) сом же башка валютадагы эквиваленти.
  3.5 Акцияга кирбеген операциялар: нак акча алуу (банкомат/касса), банкоматтын бардык операциялары; кайтаруулар/чарджбек; өз эсебиңиздер/карталарыңыздар арасындагы которуулар; эсеп/капчыктарды толуктоо; Visa программасынын эрежелеринде түз көрсөтүлгөн башка операциялар.
4. Байге фонду 4.1 Башкы байге: Фукуок аралына (Вьетнам) туристтик жолдомо. Ойнотуу — 31.12.2025 чейин, сапар мөөнөтү — байге берүү шарттарына ылайык (деталдар жеңүүчүгө билдирилет).
  4.2 Аралык байгелер: бир (1) байге айына — сентябрь, октябрь, ноябрь жана декабрь 2025 жылдарда (жалпы 4 байге). Ай сайынкы байгенин аталышы жана курамы Банктын чечими менен аныкталат жана акциянын материалдарында жарыяланат. Бир катышуучу бир эле аралык байгени гана ала алат, бирок башкы байгеге укугу сакталат.
  4.3 Байгелер акчага алмаштырылбайт (эгерде Банк өзүнчө башкача чечим кабыл албаса). Байгелерге байланышкан бардык салык жана милдеттүү төлөмдөрдү жеңүүчүлөр өз алдынча төлөшөт, эгерде Уюштуруучу башкача маалымдабаса.
5. Жеңүүчүлөрдү аныктоо 5.1 Тандоо критерийи: белгиленген операциялардын (п. 3.2–3.4) саны. Эгерде саны бирдей болсо — операциялардын жалпы суммасы көп болгон катышуучу артыкчылыкка ээ.
  5.2 Аралык жыйынтыктар: ар ай сайын «Айдын байгеси» жеңүүчүсү аныкталат (сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь). Айдын жеңүүчүсү кайрадан аралык байгени утуп ала албайт.
  5.3 Башкы байге: акциянын жалпы жыйынтыктары боюнча аныкталат (01.09–31.12.2025).
  5.4 Жыйынтыктардын тууралыгын көзөмөлдөө үчүн Банктын ички комиссиясы түзүлөт (ОМПР, профильдик бөлүмдөр, Юридикалык башкармалык). Комиссиянын жыйындары протокол менен бекитилет.
6. Байгелерди берүү тартиби жана мөөнөтү 6.1 Башкы байгелердин жеңүүчүлөрүнүн ысымдары Банктын расмий сайтында (www.ksbc.kg) жана социалдык тармактардагы баракчаларында (Instagram, Facebook) Акция аяктагандан кийин 10 (он) иш күндүн ичинде жарыяланат. Аралык байгелердин жеңүүчүлөрүнүн ысымдары ар бир отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 (беш) иш күндүн ичинде жарыяланат.
  6.2 Банктын кызматкерлери жеңүүчүлөрдү Банктын маалымат базасындагы байланыш маалыматы аркылуу кабарлашат (телефон чалуу, SMS билдирүү). Эгерде жеңүүчү менен 5 (беш) иш күн ичинде байланышууга мүмкүн болбосо, анын байгеси жокко чыгарылат жана кийинки рейтингдеги катышуучуга берилет.
  6.3 Байгенин ээси аны алуу үчүн Банктын көрсөтүлгөн бөлүмүнө жеке күбөлүгүн (паспорт) алып келиши керек. Банк Акциянын шарттарынын аткарылышын ырастоочу кошумча документтерди талап кылууга укуктуу.
  6.4 Акцияга катышуу катышуучунун өз аты-жөнү жана сүрөттөрү Банктын маркетингдик материалдарында жарыяланышына макулдугун билдирет. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Башка шарттар 7.1 Банк Акциянын шарттарына жана мөөнөттөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат, бул тууралуу катышуучуларды алдын ала расмий сайтта жана башка каналдарда кабарлоо менен. Банктын жарнамасында толук аталышы, лицензия номери жана кызмат көрсөтүү шарттары жайгашкан булактарга шилтемелер болушу керек.
  7.2 Катышуучулар тарабынан алдамчылык аракеттери же алдоого аракеттери аныкталса, Банк байгени берүүдөн баш тартууга укуктуу. Талаш-тартыш учурларда акыркы чечимди Уюштуруучу кабыл алат.
  7.3 Акцияга катышуу Катышуучунун ушул Шарттар менен толук таанышып, макул экенин билдирет. Акциянын шарттарына байланышкан дооматтар Акция аяктагандан тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде Банктын расмий дарегине жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
  7.4 Акцияга байланышкан суроолорду Банктын кардарларды колдоо кызматына (колл-борбор: 2424) же Банктын расмий сайты жана социалдык тармактары аркылуу жөнөтүүгө болот. Банктын жарнама жана маалымат материалдары саясий маалыматты камтыбашы жана саясий иш-чараларда жайгашпашы керек.
  7.5 Бул Шарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын «Банктардын маркетингдик ишмердүүлүгү жөнүндө» жобосуна, «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамына, «Жарнама жөнүндө» мыйзамына жана башка нормативдик актыларга ылайык иштелип чыккан. Бул Шарттарда жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аракеттенишет.

Другие новости

Бардык жаңылыктар

Эгемендик күнү кут болсун!

Бул күн элибиздин эркиндигинин, күчүнүн жана биримдигинин символу. Биз өлкөбүз, анын тарыхы жана бизди башкалардан айырмалаган салттарыбыз менен сыймыктанабыз. Эгемендик дегенде мамлекет жөнүндө гана …

2025-жылдын 1-сентябры — Казакстанда жана Өзбекстанда расмий эс алуу күнү!

Көңүл буруңуздар! Маалымдайбыз, 2025-жылдын 1-сентябрында (дүйшөмбү күнү) Казакстанда — Конституция күнү, ал эми Өзбекстанда — Көз карандысыздык күнү белгиленет. Ушуга байланыштуу казакстандык жана өзбекстандык …

2025-жылдын 1-сентябры — АКШда расмий эс алуу күнү!

Көңүл буруңуздар! Сиздерге маалымдайбыз, 2025-жылдын 1-сентябрында (дүйшөмбү күнү) АКШда расмий майрам — Эмгек күнү белгиленет. Ушуга байланыштуу АКШ доллары менен (USD) көпчүлүк корреспонденттик банктар …