Жаңылыктар

«КСБ Коммерциялык Банкы» ЖАК Элдик офертага жана банктык төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө боюнча Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги тууралуу маалымдайт.

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде “Кыргыз Республикасында банктык төлөм карталары жөнүндө” Жобого (КР УБ Башкармалыгынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген) ылайык келтирүү максатында киргизилди.

Негизги өзгөртүүлөр:
•    2.35. Төлөм системасында токенизация — банк картасынын маалыматтарын коргоо технологиясы болуп, анда картанын чыныгы номери атайын сандык код — токен менен алмаштырылат.
•    2.36. Электрондук капчык — интернет же смартфон аркылуу акча сактоого жана товарлар менен кызматтар үчүн төлөөгө мүмкүндүк берген санариптик сервис же тиркеме.
•    10.10.2. Электрондук капчыктарга картаны кошуу (токенизация) процессин аяктоо үчүн зарыл болгон кардардын маалыматтары кызматты камсыз кылууга катышкан үчүнчү жактарга (төлөм системалары, кызмат көрсөтүүчүлөр жана башкалар) өткөрүлүшү мүмкүн.
•    7.1.3. Кардар картаны үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу, ошондой эле карта аркылуу үчүнчү жактардын көрсөтмөсү менен финансылык операцияларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат.
•    4.4. Карта карта ээсинин атына чыгарылат жана аны бир гана карта ээси колдонууга тийиш. Картаны, логин жана паролдорду үчүнчү жактарга берүү/сатуу тыюу салынат.
•    10.11. Карта ээси Банкка карта даяр экендиги жана анын мөөнөтү бүтө тургандыгы тууралуу SMS жана электрондук почта билдирүүлөрүн жөнөтүүгө шартсыз жана кайтарылгыс макулдугун берет (мөөнөтү бүткөнгө чейин 45 күндөн кеч эмес).
•    10.12. Карта ээси мурда колдонулган процессинг системасы боюнча чыгарылган карталарга пайыздар чегерилген учурда SMS жана электрондук почта билдирүүлөрүн жөнөтүүгө макулдук берет.
•    10.6. Карта ээси карта боюнча операциялар жүргүзүлгөндө SMS жана электрондук почта билдирүүлөрүн алууга макул экендигин билдирет.

Өзгөртүүлөр 2026-жылдын 25-майынан тартып күчүнө кирет жана жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү болот.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

2026-жылдын 27-майы Кыргызстанда иш эмес күн

Урматтуу кардарлар, 2026-жылдын 27-майы Курман Айт майрамына байланыштуу иш эмес күн болуп саналат. Банктын бөлүмдөрү жабык болот. Бардык онлайн-кызматтар адаттагыдай иштейт. Каалаган суроолор боюнча …

2026-жылдын 26–29-майы БАЭде жана Түркияда жумуш эмес күндөр болуп саналат

Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026-жылдын 26–29-майы БАЭде жана Түркияда жумуш эмес күндөр болуп саналат. Бул өлкөлөргө төлөмдөрдүн валюталоо күнү – 2026-жылдын 1-июну. Түшүнгөнүңүздөр үчүн …

2026–жылдын 25-майы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө иш эмес күн болуп саналат

Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026–жылдын 25-майы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө иш эмес күн болуп саналат. Евро жана АКШ долларындагы төлөмдөр үчүн валюталоо күнү—2026-жылдын 26-майы. …