Жаңылыктар

Обновлены дисклеймеры для дистанционного банкинга и платежных карт

1. Алыскы/дистанттык банктык тейлөө системасы үчүн дисклеймер

Көңүл буруңуз! «Интернет/Мобилдик банкинг» системасынын колдонуучулары үчүн маалымат

Банк «Интернет/Мобилдик банкинг» системасы, ошондой эле ага кирүү үчүн берилген аутентификация каражаттары (логиндер, паролдор, бир жолку коддор, PIN-коддор, башка операцияларды тастыктоо каражаттары) кардарлар тарабынан жеке колдонуу үчүн гана арналганын билдирет.

Банк кардарларына «Интернет/Мобилдик банкинг» системасын, ошондой эле ага кирүү үчүн логин, пароль жана башка каражаттарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, сатууга же башка жол менен ажыратууга тыюу салынат.

Кардарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, «Интернет/Мобилдик банкинг» системасын жана ага кирүү каражаттарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу, ошондой эле системаны үчүнчү жактардын тапшырмасы боюнча же алардын кызыкчылыгында мыйзамсыз аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн колдонуу үчүн жоопкерчилик тартышат. Мындай аракеттер мыйзам бузуу болуп саналат жана күнөөлүү адамдарды, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болушу мүмкүн.

Банк мындай учурлар аныкталганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык чара көрүүгө, анын ичинде тейлөөнү чектөөгө же токтотууга укуктуу.

2. Банктык төлөм карталары үчүн дисклеймер

Көңүл буруңуз! Банктык төлөм карталарынын ээлери үчүн маалымат

Банктык төлөм картасы (карта), ошондой эле ага байланышкан кирүү каражаттары (PIN-код, CVV/CVC-код, логиндер, паролдор жана карта колдонулган дистанттык кызматтардагы башка аутентификация каражаттары) карта ээсинин жеке колдонушу үчүн гана арналган.

Карта ээсине картаны, анын реквизиттерин, ошондой эле кирүү каражаттарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, сатууга же башка жол менен берүүгө тыюу салынат. Карта ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык картаны же ага кирүү каражаттарын үчүнчү жактарга берүү же сатуу, ошондой эле картаны үчүнчү жактардын тапшырмасы боюнча же алардын кызыкчылыгында мыйзамсыз аракеттер үчүн колдонуу үчүн жоопкерчилик тартат. Мындай аракеттер мыйзам бузуу болуп саналат жана кылмыш жоопкерчилигине чейин алып келиши мүмкүн.

Банк мындай фактылар аныкталганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана келишимге ылайык чара көрүүгө, анын ичинде тейлөөнү чектөөгө же токтотууга укуктуу.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

USD менен SWIFT-которуулар атайын тариф боюнча

Эл аралык SWIFT-которууларды АКШ долларында (USD) жөнөтүңүз. Алуучу каражатты ошол эле валютада — USD менен, конвертациясыз алат. Чет өлкөдөгү сатып алуулар, кызмат көрсөтүүлөр, окуу …

АКШ долларындагы (USD) SWIFT которуулары боюнча тарифтерге өзгөртүүлөр

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 15-июлунан тартып Банктын АКШ долларындагы (USD) эл аралык SWIFT которуулары боюнча тарифтерине өзгөртүүлөр күчүнө кирерин маалымдайбыз. Өзгөртүүлөр резиденттерге да, резидент эместерге …

2026 - жылдын 15-июлу Түркияда жумуш эмес күн болуп саналат

Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026 - жылдын 15-июлу Түркияда жумуш эмес күн. Түркияга төлөмдөрдүн валюталоо күнү 2026-жылдын 16-июлу. Түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат!