

«КСБ» Коммерциялык банкы Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Элчилиги тарабынан Швейцариянын Улуттук күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу кабыл алууга катышты.
Банк үчүн бул маанилүү күндү Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли мырза, ардактуу коноктор, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ишкер өнөктөштөр менен бирге белгилөө чоң сыймык болду.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов куттуктоо сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын өзгөчө маанисин Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү департаментинин жетекчиси, Элчи Пьетро Лаццеринин катышуусу арттырды. Анын сапары эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдык өнөктөштүктүн бекемдигин жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.
«КСБ» Коммерциялык банкы» ЖАК Кыргыз Республикасында швейцариялык капиталдын катышуусу менен түзүлгөн биринчи жана жалгыз банк болуп саналат жана корпоративдик, институционалдык жана жеке кардарларга финансылык жана консультациялык кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт.
«КСБ» Коммерциялык банкы Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Элчилигин Швейцариянын Улуттук күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү, ийгиликтерди жана кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышын каалайт.