Жаңылыктар

Көңүл буруңуз! «Интернет/Банкинг» системасынын колдонуучулары үчүн маалымат

Банк маалымдайт: «Интернет/Мобилдик Банкинг» системасы, ошондой эле ага кирүү үчүн берилген аутентификация каражаттары (логиндер, сырсөздөр, бир жолку коддор, PIN-коддор жана операцияларды ырастоонун башка каражаттары) Банктын кардарлары тарабынан жеке пайдалануу үчүн гана арналган.

Банктын кардарларына «Интернет/Мобилдик Банкинг» системасын, ошондой эле логиндерди, сырсөздөрдү жана системага кирүү үчүн башка каражаттарды үчүнчү жактарга берүүгө, сатууга же башка жол менен өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

Банктын кардарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «Интернет/Мобилдик Банкинг» системасын, анын ичинде системага кирүү үчүн логиндерди жана сырсөздөрдү үчүнчү жактарга берүү же сатуу үчүн, ошондой эле укукка каршы аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана (же) алардын кызыкчылыгында «Интернет/Мобилдик Банкинг» системасын пайдалануу менен жүргүзүлгөн финансылык операциялар үчүн жоопкерчилик тартышат. Мындай аракеттерди жасоо күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга негиз болушу мүмкүн.

Банк үчүнчү жактарга кирүү мүмкүнчүлүгү берилген фактылар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана колдонуучу менен түзүлгөн келишимде каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде тейлөөнү чектөөгө же убактылуу токтотууга укуктуу.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

Акциянын жаңы шарттары: транзакциянын суммалык босогосу төмөндөтүлдү

«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК «Жеңишке жетелеген таасирлер! Эсепти онлайн ачып, Visa Signature менен артыкчылыктар дүйнөсүнө жол ачыңыз» акциясынын шарттарын жаңыртты — эми акцияга катышуу …

SWIFT которуулары үчүн корреспонденттик банктын өзгөрүшү

Урматтуу кардарлар!«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАКтын SWIFT системасы аркылуу эл аралык которууларды жүргүзүү үчүн колдонулган корреспонденттик банкы өзгөргөнүн маалымдайбыз.«Телепорт Банк» ААК мындан ары корреспонденттик банк …

Бардык колдонуучулардын көңүлүнө: Маанилүү эскертүү!

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 209-1-берене киргизилгендигин эскертебиз. Бул берене банктык карталарды, электрондук капчыктарды, SIM-карталарды же аккаунттарды үчүнчү жактарга берүү же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин …