Жаңылыктар

Бардык колдонуучулардын көңүлүнө: Маанилүү эскертүү!

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 209-1-берене киргизилгендигин эскертебиз. Бул берене банктык карталарды, электрондук капчыктарды, SIM-карталарды же аккаунттарды үчүнчү жактарга берүү же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилейт.

Бул сиз үчүн эмнени билдирет:

  • Кошумча киреше табуу шылтоосу менен өзүңүздүн карталарыңызды жана капчыктарыңызды башкаларга сатууга же «ижарага» берүүгө тыюу салынат.

  • Башка адамдар үчүн өз атыңызга SIM-карталарды каттоого тыюу салынат.

  • Мобилдик банкингге кирүү мүмкүнчүлүгүн (логиндерди, сырсөздөрдү, СМС-коддорду) башкаларга берүүгө тыюу салынат.

Эгерде сиздин төлөм каражаттарыңыз алдамчылар тарабынан колдонулса, сиз кылмыштын шериктеши («дроппер») болуп каласыз. Бул берене боюнча жаза ири өлчөмдөгү айып пулдарды жана эркинен ажыратууну карайт.

Өзүңүздү жана маалыматтарыңызды коргоңуз. Карталарыңызды бөтөн адамдарга бербеңиз!

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

Казакстанда иш эмес күнү болуп саналат

Эске алыңыздар, 2026 - жылдын 26- октябры Казакстанда иш эмес күнү болуп саналат.Казакстанга төлөмдөр үчүн валюталоо күнү 2026-жылдын 27-октябры.

Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж Кыргызстандын Тышкы иштер министри менен жолугушту

2026-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту. Ал Кыргызстанга швейцариялык инвестор, …

Коммерциялык Банк КСБ Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинде өткөн расмий кабыл алууга катышты

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы жана La Landwehr de Fribourg оркестринин президенти Пьер-Андре Паждын катышуусунда расмий кабыл алуу болуп өттү.Иш-чаранын ардактуу …

Приложение KSB Online

Управлять финансами ещё удобнее

QR-код для скачивания приложения

Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online

Приложение KSB Online