Жаңылыктар

Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж Кыргызстандын Тышкы иштер министри менен жолугушту

2026-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту. Ал Кыргызстанга швейцариялык инвестор, «Коммерческий Банк КСБ» ЖАКтын негизги акционери Юрг Стаублинин чакыруусу менен келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцариялык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, саясий диалогду бекемдөөнү, ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн ортосунда тажрыйба алмашууга жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө бурулду.

Бул жолугушуу Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кеңири кызматташтыктын бир бөлүгү болду.

«Коммерческий Банк КСБ» эл аралык ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган демилгелерди колдойт.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

Казакстанда иш эмес күнү болуп саналат

Эске алыңыздар, 2026 - жылдын 26- октябры Казакстанда иш эмес күнү болуп саналат.Казакстанга төлөмдөр үчүн валюталоо күнү 2026-жылдын 27-октябры.

Коммерциялык Банк КСБ Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинде өткөн расмий кабыл алууга катышты

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы жана La Landwehr de Fribourg оркестринин президенти Пьер-Андре Паждын катышуусунда расмий кабыл алуу болуп өттү.Иш-чаранын ардактуу …

Кытайдагы майрам / эс алуу күндөрү 24-27 сентябрь 2026

Эске алыңыздар, 2026-жылдын 24–27-сентябры Кытайда жумуш эмес күндөр болуп саналат..Кытайга төлөмдөрдү үчүн валюталоо күнү 2026-жылдын 28-сентябры.

Приложение KSB Online

Управлять финансами ещё удобнее

QR-код для скачивания приложения

Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online

Приложение KSB Online