Жаңылыктар

КСБ Чернобыль кырсыгынын ардагерлерине жана кесепеттерин жоюуга катышкандарга колдоо көрсөттү

«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатын ишке ашыруунун алкагында Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгына арналган иш-чараларды колдоо үчүн 50 000 сом бөлдү.
Каражат Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдарды колдоо жана алардын эрдигин эскерүү боюнча маанилүү иштерди жүргүзүп келе жаткан «Чернобыль союзу» ардагерлердин жана майыптыгы бар адамдардын коомдук бирикмесине багытталды.
Коммерциялык Банк КСБ үчүн социалдык жоопкерчилик — корпоративдик баалуулуктардын ажырагыс бөлүгү. Банк коомду колдоого, тарыхый эстутумду сактоого, эрдик жана жан аябастык көрсөткөн адамдарга ыраазычылык билдирүүгө багытталган демилгелерге өзгөчө көңүл бурат.
Мындай демилгелерди колдоо аркылуу КСБ эрдиги жалпы тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп кала турган адамдарга карата урмат-сый, ыраазычылык жана камкордук маданиятын бекемдөөгө өз салымын кошууга умтулат.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

KSB Online: мобилдик тиркеменин жаңы мүмкүнчүлүктөрү

2026-жылдын 12-ноябрында KSB Online мобилдик тиркемеси жаңыртылып, кардарларды тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөр киргизилди.Тиркемеде кандай жаңылыктар бар?Жеке ишкерлер үчүн аралыктан идентификациядан …

КСБ пландуу техникалык иштер тууралуу маалымдайт

Урматтуу кардарлар!«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК 2026-жылдын 6-ноябрынан 7-ноябрына караган түнү, саат 00:00дөн 03:00гө чейин пландуу техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайт.Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында KSB Online мобилдик …

Урматтуу кардарлар, сак болуңуздар! WhatsApp аркылуу чалуу жана видео байланыш колдонуу менен жасалган алдамчылык учурлары көбөйүүдө.

Алдамчылар өздөрүн уюлдук операторлордун кызматкерлери катары тааныштырып, SIM картанын колдонуу мөөнөтүн узартуу шылтоосу менен видео чалууну же экранды көрсөтүү жөндөмүн иштетүүнү суранышы мүмкүн. Түзмөгүңүзгө …

Приложение KSB Online

Управлять финансами ещё удобнее

QR-код для скачивания приложения

Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online

Приложение KSB Online