Жаңылыктар

Урматтуу кардарлар, сак болуңуздар! WhatsApp аркылуу чалуу жана видео байланыш колдонуу менен жасалган алдамчылык учурлары көбөйүүдө.

Алдамчылар өздөрүн уюлдук операторлордун кызматкерлери катары тааныштырып, SIM картанын колдонуу мөөнөтүн узартуу шылтоосу менен видео чалууну же экранды көрсөтүү жөндөмүн иштетүүнү суранышы мүмкүн. Түзмөгүңүзгө кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон кийин, уюлдук банкингиңизге жана банктык эсептериңизге кирип алышы мүмкүн.

Түзмөгүңүзгө кирүүгө уруксат бербеңиз, экранды көрсөтүү жөндөмүн иштетпеңиз жана SMS аркылуу келген коддорду, сырсөздөрдү жана башка купуя маалыматтарды эч кимге билдирбеңиз.

Эгер сизге ушундай чалуу келсе, сүйлөшүүнү токтотуп, байланыш операторуна же банкка өз алдынча кайрылыңыз.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

KSB Online: мобилдик тиркеменин жаңы мүмкүнчүлүктөрү

2026-жылдын 12-ноябрында KSB Online мобилдик тиркемеси жаңыртылып, кардарларды тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөр киргизилди.Тиркемеде кандай жаңылыктар бар?Жеке ишкерлер үчүн аралыктан идентификациядан …

КСБ пландуу техникалык иштер тууралуу маалымдайт

Урматтуу кардарлар!«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК 2026-жылдын 6-ноябрынан 7-ноябрына караган түнү, саат 00:00дөн 03:00гө чейин пландуу техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайт.Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында KSB Online мобилдик …

КСБ Чернобыль кырсыгынын ардагерлерине жана кесепеттерин жоюуга катышкандарга колдоо көрсөттү

«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатын ишке ашыруунун алкагында Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгына арналган иш-чараларды колдоо үчүн 50 000 сом бөлдү.Каражат Чернобыль …

Приложение KSB Online

Управлять финансами ещё удобнее

QR-код для скачивания приложения

Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online

Приложение KSB Online