Жаңылыктар

Кыргызстанда биринчи жолу: КСБ ишкерлер үчүн Visa Business Platinum картасын сунуштайт

Коммерциялык Банк КСБ юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн премиум бизнес-карта — Visa Business Platinum картасын сунуштайт. 21-сентябрдан тартып картанын ээлери башкы байге — Кытайдагы Кантон жарманкесине эки адамга жолдомо үчүн уюштурулган акцияга катыша алышат. Дагы эки катышуучу MacBook утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Акцияга катышуу үчүн жаңы Visa Business Platinum картасын ачып, айына кеминде үч талапка жооп берген накталай эмес операция жүргүзүү жана кеминде 40 000 сом өлчөмүндө жүгүртүүнү камсыз кылуу зарыл. Картаны активдүү колдонгон катышуучуларга упайлар берилет.

Visa Business Platinum күнүмдүк бизнес чыгымдарын төлөө, эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүү жана саякаттоо үчүн иштелип чыккан. Картанын ээлерине саякатка байланыштуу артыкчылыктар, анын ичинде «Манас» аэропортундагы VIP-залга кирүү, ошондой эле DragonPass программасы аркылуу бизнес-залдарга кирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Мындан тышкары, камсыздандыруу жана маалыматтык кызматтар жеткиликтүү.

Ошондой эле карта LinkedIn, Meta, Google жана X платформаларындагы жарнамага атайын сунуштарды жана Business Concierge кызматын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Акция 2027-жылдын 30-январына чейин уланат.

Акциянын толук шарттары жана Visa Business Platinum тууралуу кеңири маалымат Коммерциялык Банк КСБнын сайтында жеткиликтүү — www.promo.ksbc.kg/visa-business-platinum

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

Казакстанда иш эмес күнү болуп саналат

Эске алыңыздар, 2026 - жылдын 26- октябры Казакстанда иш эмес күнү болуп саналат.Казакстанга төлөмдөр үчүн валюталоо күнү 2026-жылдын 27-октябры.

Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж Кыргызстандын Тышкы иштер министри менен жолугушту

2026-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту. Ал Кыргызстанга швейцариялык инвестор, …

Коммерциялык Банк КСБ Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинде өткөн расмий кабыл алууга катышты

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы жана La Landwehr de Fribourg оркестринин президенти Пьер-Андре Паждын катышуусунда расмий кабыл алуу болуп өттү.Иш-чаранын ардактуу …

Приложение KSB Online

Управлять финансами ещё удобнее

QR-код для скачивания приложения

Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online

Приложение KSB Online